Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:04

3-июлда Кыргызстанга Түркиянын Тышкы иштер министри келет


Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда Түркиянын тышкы иштер министри А.Давутоглу Р.Отунбаеванын Кыргыз Республикасынын президенти кызматына расмий киришүү салтанатына катышат.

А.Давутоглу иш сапарында президент Р.Отунбаева, Убактылуу өкмөттүн биринчи орун басары А.Атамбаев, Убактылуу өкмөт башчысынын орун басары Ө.Текебаев жана Тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Р.Казакбаев менен жолугушуусу күтүлүүдө. Жолугушууларда достук байланышты мындан ары чыңдап, эки тараптуу кызматташууну ар тараптуу жигердүү арттыруу маселеси каралат. (AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG