Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:02

Лахордо теракттардан кийин коопсуздук чаралары күчөтүлдү


Суфилердин күмбөзү кол салуудан кийин, Лахор, 2-июл 2010-жыл
Суфилердин күмбөзү кол салуудан кийин, Лахор, 2-июл 2010-жыл

Пакистандын Лахор шаарында бейшемби күнкү теракттардан кийин коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Суфилердин ыйык жайында болгон кош жардыруудан кырктан ашуун адам мерт кеткен.

Кол салуулардын кайталанышын алдын алуу үчүн калаанын негизги көчөлөрү, маанилүү объектилери катуу кайтарууга алынды. Жума күнкү намазга чогулган адамдардын коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурулууда. Бейшембиде суфилер үчүн ыйык деп саналган күмбөздө жан кечтилер ишке ашырган кош жардыруу кырктан ашуун адамдын өмүрүн кыйып, 120дай киши жарадар болгон. Экстремисттер болсо ал ыйык жерлерди Исламга таандык эмес деп санашат.

Жан кечтилердин бири бомбасын зыяратчылар уктаган чоң бөлмөдө жардырып жиберген. Ал жердеги элдер тополоң түшүп короого качып чыкканда экинчи жардыруу болгон.

Аман калгандардын бири Жамшид аттуу жигит журналисттерге буларды айтып берди:

- Жардыруу болгондо ызы-чуу, баш аламандык башталды. Жардам берейин деген киши болгон жок, бардыгы эле өз жанын сактап клайын деп качышты. Кээ бирлер дарбазага карай, башкалары аял- зыяратчылардын бөлүгүнө чуркашты. Короо канга, өлүп жаткан кишилердин сөөктөрүнө толуп калды.

Күмбөздүн тейлөөчүсү Миян Мохаммад Мунирдин айтымында, кол салуу орун алган кезде ал жерде эки-эки жарым миңдей зыяратчы бар болчу.

Ыйык жайды кайтарган ыктыярчылар экинчи террористти кармоого үлгүрүп, бирок жардыруунун алдын алууга жетишпей калышкан:

- Алардын маңдайында “мен террористмин” деген жазуу жок да. Кароолчулардын бири кол салган адамды кармоого аракеттенди, аны коопсуздук камерасынан да көрсө болот. Биздин адамдарыбыздын бири каза болду. Бомба курчанып алган киши жанын садага чапканга даяр экени түшүнүктүү да.

Теракт үчүн жоопкерчиликти эч ким өзүнө ала элек. Бирок аны Талибан жана Ал-Кайида менен байланышы бар экстремисттер ишке ашырган деген шектенүүлөр күчтүү.

Былтыркы марттан бери террористтер Лахордо 265тей адамдын өмүрүн кыйышкан. Радикалдар негизинен мусулман секталардын мүчөлөрүн бутага алышууда. Суфилердин арасында сунилер менен шийилер тең жолугат. Алар ислам идеяларын ыр, музыка, бий аркылуу таратышат. Талиптерге жакын экстремисттер болсо ыр менен бийди динге каршы көрүнүш деп эсептешет. 28-майда болсо ахмадилердин мечитинде болгон кол салуудан 82 киши каза тапкан.

Пакистан өкмөтү соңку жардырууларды айыптап, муну менен радикалдар элди коркутуп-үркүтүүнү көздөшөт жана өлкөдөгү диний толеранттуулукту бузгулары келет деп билдирди. Лахор – Пенжаб чөлкөмүнүн борбор шаары. Өлкөнүн аскерий жана бизнес элитасында ал жерден чыккан адамдарды көп жолуктурса болот. Соңку мезгилде шаар радикал исламчыл топтордун бутасына айланды.

XS
SM
MD
LG