Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:42

Ош облусунун коменданты космонавт С.Шариповду кабыл алды


Бүгүн Ош облусунун коменданты, милициянын генерал-майору Бактыбек Алымбеков Орусия Федерациясынын жана Кыргызстандын баатыры Салижан Шариповду кабыл алды. Жолугушууда С.Шарипов Оштогу окуя көптөгөн Орусиялыктардын жана ал жакта иштеген Кыргызстандын атуулдарынын жүрөгүн өйүткөнүн белгилеп, "жердештерибиздин кайгысы жалпы баардыгыбыздын кайгыбыз",- деди. Бул тууралуу Ош облусунун комендантынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Салижан Шарипов Ош облусундагы кырдаалды калыбына келтирүүдө жигердүү салым кошкону үчүн комендант Бактыбек Алымбековго ыраазылык билдирди. Ал ошондой эле “Биздин кыргыз эли тарых карыткан далай кылымдардан бери өзүнүн айкөлдүгү, алысты көрө билгени менен айырмаланып келген. Азыр ушундай оор кырдаалда дагы алар бузулбас достукту ыйык тутуп, айныгыс элдешүүгө келет деп үмүттөнөм”,-деди.

Комендант Б.Алымбеков да космонавт С.Шариповго убакыт таап Ошко келип, учурдагы кырдаалга кайдыгер карабай көңүл бөлгөнүнө ыраазылык билдирип, аймакта коомдук-саясий абал турукташып келатканын белгиледи. (AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG