Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:49

Татьяна Гфеллер: АКШ менен Кыргызстандын жолу жана тилеги бир


АКШнын Кыргызстандагы элчиси Татьяна Гфеллер жыл сайын 4-июлда белгиленүүчү АКШнын көз каранды эместигинин күнүнө байланыштуу билдирүү жасады. Элчи айым АКШнын Көз каранды эместиги жөнүндөгү Декларациянын биринчи автору Томас Жефферсондун адамдарга өмүрлүү, эркин жана бактылуу болууга Жараткандан берилген укуктарды коргоп калууга чакырган накыл сөздөрүн кайталап эске салып, бул нарк-дөөлөттөр америкалыктар үчүн эле айтылбай, демократия менен элдин бийлигин туу туткан өлкөдө жашоого умтулган бардык адамдардын үмүт- тилеги экенин баса белгилейт. Ушул максаттарга жетүүнү максат кылган Кыргызстандын эли жана өкмөтү кайгылуу чоң сыноолорго туш болуп, азыр бурулуш жолдо турганы баса белгиленип, Америка бул жолдо Кыргызстандын эли жана өкмөтү менен бирге экени айтылат билдирүүдө. (КС)

XS
SM
MD
LG