Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:39

Жарандык көзөмөл комитети укук коргоочуларды куугунтуктоону токтотууга чакырууда


Аталган уюм таркаткан билдирүүдө айтылган маалыматтарга караганда бүгүн Ошто аскер кийимчен белгисиз адамдар укук коргоочу Саидкамал Ахмедовдун үйүнө кирип, анын өзүн жана баласы Саиджамалды камакка алышкан. Кармалгандарга адвокат берилген эмес, туугандарына кармоонун себептери да айтылбаган. Мындан мурда Базар-Коргон районунда кармалган укук коргоочу Азимжан Аскаровго кыйноо көрсөтүлүп, анын адвокатына кол салуу болгон. Ошондой эле түштүктөгү кырдаалга мониторинг жасап жүргөн укук коргоочулар Төлөкан Исмаилова менен Азиза Абдрасулова Ош шаардык прокуратурасына суракка чакырылган. Жарандык көзөмөл комитети бийликти укук коргоочуларды куугунтуктоону токтотууга чакырып, укук коргоо органдарынын аша чапкан аракеттери кырдаалды кайра курчутуп, жаңы чыр-чатактарды чыгарышы ыктымал экендигин эскертет. (КС)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG