Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:46

Р.Отунбаева президент катары ант берди


Бүгүн Роза Отунбаеванын президент катары кызматка кирүү аземи өттү. БШК төрагасы Акылбек Сариев Отунбаевага президенттин күбөлүгүн тапшырып, төш белгисин такты. Андан соң Отунбаева өлкө башчысы катары кыргыз элинин алдында ант берди. Президент катары кызматка расмий киришүү сөзүндө Отунбаева Кыргызстанда мындан ары жаңы саясий фаза башталганын белгиледи. Ал өлкө башкаруунун парламенттик жолуна түшкөнүн айтып, жаңы бийлик бардык саясий күчтөр менен кызматташууга, диалогго даяр экендигин айтты. Отунбаева президент катары анын негизги урааны “Туура бийде тууган жок, туугандуу бийде ыйман жок” деген лакап сөз болоорун эскертти. Отунбаеванын президенттик кызматка расмий киришүү салтанаты Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда өтүп, ал Улуттук канал аркылуу түз ободо көрсөтүлдү. (EK)

XS
SM
MD
LG