Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:22

Өлкөнүн экономикалык потенциалын көтөрүү - башкы артыкчылык


Бул тууралуу өлкө башчысы Роза Отунбаева президент катары кызматка расмий киришүү сөзүндө билдирди. Отунбаева жаңы бийлик Кыргызстанда либералдуу экономиканын механизмин жаратуунун мыйзамдык базасын чыңдоого, жеке менчиктин кол тийбестигин камсыздоого, экономикалык инновацияга жол ачууга бардык шарттарды түзүүнү көздөөрүн билдирди. “Базар системасын өркүндөтүүгө мамлекеттик колдоону мындан ары күчөтөбүз. Мамлекет экономиканын жана базар мамилелеринин кубаттуу өнүгүшүнө максималдуу шартты түзүп берүүгө даяр" деди Роза Отунбаева. (EK)

XS
SM
MD
LG