Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:37

Израиль Түркиядан кечирим сурабайт


Израилдин премьер- министри Биньяминь Нетаньяхунун билдиргенине караганда, анын өлкөсү Газа секторуна жүк тартып бара жаткан кемелерге жортуул жасалган учурунда адамдардын өмүрү кыйылганына өкүнөт, бирок өз аскерлерин коргоо үчүн Түркиядан кечирим сурабайт. Жөөт өкмөт башчысы ага катар ал эки өлкөнүн мамилеси келечекте да бузулуусуна жол бербөөнү көздөрүн, Израиль өкмөтүнүн бир мүчөсү ушул аптада Түркиянын расмий өкүлү менен жолукканын кошумчалады. Бул - эки өлкөнүн расмий өкүлдөрүнүн акыркы бир нече аптадагы алгачкы кездешүүсү. Өткөн айда Израилдин аскерлери Газа секторун көздөй гуманитардык жүк тарткан кемелердин кербенине жортуул жасаган кезде түрк улутундагы тогуз адам каза тапкан, алардын сегизи Түркиянын жарандары болгон.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG