Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:52

Ошто уурдалып кеткен дарыгердин сөөгү табылды


Ош облус аралык балдар клиникалык бейтапканасынын хирургу Касым Жусупакматовдун сөөгү табылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы бүгүн кабарлады. Дарыгер башына жана көкүрөгүнө атылган эки октон каза тапкан. Маркумдун сөөгү 2-июлда Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Сары-Булак айылында жерге берилди. Касым Жусупакматовдун артында беш баласы жетим калды.

Ош облус аралык балдар клиникалык бейтапканасынын хирургу Касым Жусупакматовду 16-июнда белгисиз адамдар ооруканадан уурдап кетишкен. Саламаттыкты сактоо министрлиги маркумдун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат. (EK)

XS
SM
MD
LG