Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:16

ЕККУнун Туруктуу кеңеши Кыргызстанга жардам берүүгө даяр


Ал Кыргызстанга жардам көргөзүүгө даяр экендиги жана Кыргызстандын бийликтери менен сүйлөшүүлөрдү тезинен аягына чыгарууга чакыргандыгы ЕККУнун Туруктуу кеңешинин кечээги жыйынынан соң кабыл алынган билдирүүдө айтылат. ЕККУга мүчө 56
өлкө “бир добуштан” кабыл алган билдирүүдө белгиленгендей, алар Кыргызстанда полиция күчүн жайгаштыруу маселесин карап көрүүгө даяр. ЕККУну Кыргызстандын түштүгүндө өз полициясын жайгаштырууга ушул аптада “Хьюман Райтс Уочт” уюму да
чакырды. “Хьюман Райтс Уочт” мунун зарылдыгын түштүктө али чыңалган кырдаал сакталып тургандыгы менен түшүндүрүүдө. Ал эми Убактылуу өкмөттүн Түштүк аймагы боюнча атайын өкүлү Исмаил Исаков өткөн аптада “Азаттыкка” берген интервьюсунда
ЕККунун полиция күчтөрүнүн киргизүүнүн кажети жоктугун, анын ордуна техникалык жардам берилсе пайдалуу болмоктугун билдирген. (UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG