Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:28

Ысык-Көлдө мугалимдердин республикалык спартакиадасы өтүүдө


Ага 300дөн ашуун мугалимдер катышып, спорттун жети түрү боюнча мелдешүүдө. Спартакиадага Ош жана Нарын облусунан башка бардык аймактардан командалар катышууда. Бүгүн волейбол, тогуз коргоол, ордо, шахмат жана стритбол боюнча финалдык беттешүүлөр болуп, жеңүүчүлөр аныкталмакчы. Бул тууралуу “Азаттыкка” “Жаштык” спорт коомунун жетекчисинин милдетин аткаруучу Эркинбек Абдылдаев билдирди. Анын айтымында, буга чейин спорттун үч түрү боюнча жеңүүчүлөр аныкталган. Анда футболдон Ысык-Көл, ордо боюнча Талас, үстөл теннисинен Кыргыз Улуттук Университетинин мугалимдери баш байгеге ээ болушту.
Ошодой эле ушул тапта Ысык-Көлдө Улуттук олимпиада комитети уюштурган баскетбол машыктыруучулары үчүн эл аралык семинар өтүүдө. (КЕ)

XS
SM
MD
LG