Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:15

Ливанда шийиттердин таанымал диниятчысы дүйнөдөн өттү


"Улуу аятолла" деген наамы бар Мохаммед Хусейн Фадлалла Бейруттагы ооруканада 75 жаш курагында каза тапты. Ал шийиттердин 1982-жылы Ирандын жардамы менен түзүлгөн радикал “Хезболла” уюмунун рухий көсөмү деп эсептелчү. Бирок өзү мындай бааны четке каккан. АКШнын мурдагы президенти Билл Клинтон Фадлалланы 1995-жылы Израиль менен күрөшүүнүн жолу катары жанкечтилердин чабуулдарын жактаганы үчүн террорчулардын Вашингтон түзгөн кара тизмесине киргизген.

XS
SM
MD
LG