Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:19

Нарындын губернатору “Ата Мекен” партиясынын катарынан чыкты


Нарын облусунун губернатору Адыл Эсенбеков бүгүн Нарын шаарында өткөн “Ата Мекен” партиясынын облустук конференциясында бул партиянын катарынан чыкканын жарыялады. Ал келаткан шайлоодо губернатор катары эч жакка тартпай калыс турумда болуш үчүн ушундай чечим кабыл алганын билдирди. Бирок облустагы бир катар бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү Адыл Эсенбековдун губернатор болуп иштешине каршы экендиктерин “Ата Мекен” партиясынын Бишкектен барган Эркин Алымбеков, Карганбек Самаков сыяктуу өкүлдөрүнө билдиришти. Губернатордун таламын талашкан экинчи топ аларга каршы чыгып, кайым айтышып, ортодо жаңжал чыгып кетти.

Адыл Эсенбеков Нарын облусунун губернатору болуп 7-апрелдеги ыңкылаптан кийин Убактылуу өкмөт тарабынан дайындалган. Ошол убактан бери бир катар мамлекеттик жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү нааразы болуп, бул кызматка компетенциясы жараксыз деп сынга алып, аны бошотуу жөнүндө талап коюп келатышат. "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев өз кезегинде бул жетекчилик кызматка Адыл Эсенбековду убактылуу коюлганын "Азаттыкка" билдирип, анын биринчи ыңгайлуу учурда эле бошотуларын айткан болчу. (КС)

XS
SM
MD
LG