Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:07

Польша президенти менен катар болочок багытын аныктап жатат


Польшанын мурдагы президенти Лех Валенса Краковдо добуш берди.
Польшанын мурдагы президенти Лех Валенса Краковдо добуш берди.

Польшада бүгүн президенттик шайлоонун экинчи айлампасы. Бул жолку шайлоо өлкө президенти Лех Качиньнски апрелдеги авиакырсыктан каза тапкандан кийин мөөнөтсүз өткөрүлүп жатат. Байкоочулар Польша президенти менен катар келечек багытын аныктап жатканын белгилешүүдө.

Шайлоонун экинчи айлампасы мамлекет башчысынын кызматы мурдагы премьер- министр Ярослав Качиньски менен парламенттин азыркы төрагасы, президенттин милдетин аткаруучу Бронислав Коморовскинин кимисине тийерин аныктайт. Коморовски менен Качиньски өлкөнүн өнүгүш багыты боюнча эки башка турумду карманган саясатчылар.

Жергиликтүү убакыт боюнча саат 13:00, Бишкек убактысы боюнча саат 17:00гө карата, Польшанын Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, элдин 25 пайызы добуш берди.

Экинчи айлампага чейинки сурамжылоолор бийликтеги “Жарандык платформа” партиясынын талапкери, президенттин милдетин аткаруучу Коморовски бир аз артыкчылык менен жеңерин көргөзгөн. Бирок маркум президенттин эгиз бир тууганы, 2006-2007 жылдары премьер министри болгон кезинде өкмөтүнүн баш –аламан аракеттери көптөгөн поляктардын кыжырдануусун келтирген Ярослав Качиньски да акыркы апталарда эки ортодогу ажырымды кыскарта алды. 20-июнда болгон биринчи айлампада ал атаандашы Коморвскиден 5%га кем добуш топтогон.

Коморовски менен Качиньски эки башка багытты карманган саясатчылар.
Шайлоонун жыйынтыктыгында Польша базар экономикасына мүнөздүү реформаларды дагы алдыга жылдырар-жылдырбасы, Варшаванын Евробиридик жана Орусия менен мамимлеси канда болору да чечилери күтүлүүдө. Варшава университетинин социология боюнча профессору Ивона Якубовска – Браницка мындай дейт:

-Биз туш келип турган нерсе - Польшадагы эки концепциянын бирин тандоо. Бул - иш жүзүндө биз 2006-2007 –жылдары башыбыздан өткөргөн төртүчү республика менен сөздүн толук маанисинде либералдык жана демократиялык Польшанын ортосундагы тандоо

Маселен талапкерлердин бири Бронислав Комороски Евробиримдиктин бирдиктүү акчасы – еврону 5 жыл ичинде кабыл алууну, Ооганстандан поляк аскерлерин 2012-жылга карата чыгарууну, экономикада базар шарты талап кылган реформаларды колдоону убада кылды. Ал премьер- министр Дональд Тусктын базар экономикасын жактаган өкмөтү менен эриш –аркак иштешип кетери күтүүлөүдө. Бул лагердегилер евроскептик катары эсептелген, ашынган консерватор, мамлекеттик чыгымдардын азайтылышына каршы чыгып жүргөн Ярослав Качиньски президент болуп калса, вето укугунан пайдаланып, маркум бир тууганы сыяктуу реформаларга жолтоо кылат деп чоочулашат. Маселен Качиньски шайлоо өнөктүгү учурунда еврону кабыл алуу боюнча кандайдыр бир мөөнөттү айткан жок.

Польшада добуш берүүгө укуктуу калктын саны 30 миллиондон ашуун. Бүгүнкү добуш берүү боюнча шайлоо бекеттеринде жүргүзүлгөн сурамжылоону же экзит –полдун жыйынтыгы Бишкек убактысы боюнча түнкү 12ден кийин белгилүү болот, ал эми алгачкы расмий жыйынтык эртең жарыяланат.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG