Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:33

Президент Р.Отунбаева Казакстандын президенти менен жолугушту


Бүгүн Астана шаарында президент Роза Отунбаева Казакстандын мамлекет башчысы Нурсултан Назарбаев менен жолугушту. Анда тараптар көп тараптуу кызматташуу тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Бул тууралуу Убактылуу өкмөттүн басма сөз борборунун жетекчиси Фарид Ниязов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Р.Отунбаева эртең (5-июлда) Орусиянын президенти Дмитрий Медведев менен жолугушуусу күтүлүүдө.
Ошондой эле Кыргызстандын президенти эртең Астанада өтүүчү Евразия Экономикалык Шериктештигинин саммитине катышат. (AJ)

XS
SM
MD
LG