Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:24

Акыйкатчы институтунун кызматкерлери Ошто


Президент Роза Отунбаеванын жана Кыргызстандын Акыйкатчысынын жеке тапшырмасы менен Акыйкатчы институтунун кызматкерлери Оштогу коогалаңга тиешеси бар деп камакка алынган адамдардын абалы менен жеринде таанышып, алардын кармалганынын себептерин иликтешти. Иликтөөнүн жыйынтыгы бүгүн-эртең жарыяланат. Бул тууралуу Акыйкатчы Турсунбек Акун “Азаттыка” билдирди. Анын айтымында, алдын ала маалыматка караганда Ош шаарынын убактылуу кармоочу жайында 30 пайызга чейин мыйзам бузуулар болгондугу аныкталган.
Ал эми Ош шаарынын коменданты Курсан Асанов болсо Ош коогалаңы боюнча укук коргоо органдары мыйзамдын чегинде иш алып барып жатышканын билдирди. (AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG