Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:04

Р.Отунбаева казак президенти Н.Назарбаев менен жолугушту


Кечээ (4-июлда) Казакстандын мамлекет башчысы Нурсултан Назарбаев Астанадагы “Ак-Ордо” резиденциясында президент Роза Отунбаеваны кабыл алды. Жолугушууда ар тараптуу кызматташууну арттыруу боюнча сүйлөшүүлөр болду. Бул тууралуу Убактылуу өкмөттүн басма сөз борборунун жетекчиси Фарид Ниязов “Азаттыкка” билдирди. Маалыматка караганда Р.Отунбаева бүгүн орус президенти Д.Медведев менен жолугушуусу күтүлүүдө.
Астанада бүгүн өтүүчү ЕврАзЭКтин саммитине катышууга өлкө башчысы Р.Отунбаева, Убактылуу өкмөт башчысынын орун басары, Каржы министринин милдетин аткаруучу Т.Сариев, Тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Р.Казакбаев, ЕврАзЭК иштери боюнча өкмөттүн улуттук координатору Б.Мамбетов барышкан. (AJ)

XS
SM
MD
LG