Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:43

Түрк тышкы иштер министри "Манас" университетинде болду


Кыргызстанга жумуш сапар менен келген Түркиянын тышкы иштер министри Ахмед Давутоглу 3-июлда Бишкектеги кыргыз-түрк Манас университетинде болуп, студенттер жана мугалимдер менен жолугушту. Бул тууралуу университеттин маалымат кызматынын жетекчиси Бермет Бусурманкулова билдирди. Маалыматка караганда, жолугушууда университеттин ишмердүүлүгү жөнүндө сөз болуп, Давутоглу мырза өзү да "Манас" университетинде дарс окууга кызыкдар экенин билдирген.
Түркиянын тышкы иштер министри Кыргызстанга Роза Отунбаеванын президенттик кызматка киришүү аземине катышуу үчүн 3-июлда Бишкекке келген. Ошол эле күнү ал өз мекенине кайтып кеткен. Бул маалыматты ТИМдин маалымат кызматы тастыктады.

XS
SM
MD
LG