Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:44

Адилет министрлигинин алдына жүздөй адам митингге чыгышты


Адилет министрлигинин алдына чогулган "Кыргыз өнөр жай, курулуш" банкынын 100гө чукул акционерлери банктын герби менен мөөрүн кайтарып берүүнү талап кылышууда. Алар “Азия Универсал банкы Кыргызстанды тоноду”, “Бакиев качкан менен анын артында калдыктары калды”, “Кыргыз өнөр жай, курулуш банкы – Кыргызстандыкы” деген жазуулары бар плакаттарды көтөрүп алышкан. Ошондой эле алар адилет министри Аида Салянованын алардын алдына чыгышын талап кылышууда.

Аталган банк Бакиев бийлигинин учурунда банкрот болду делип, “Азия Универсал" банкына өткөрүлүп берилген. 7-апрелден кийин Райондук жана райондор аралык сот АУБга кошулганга чейинки активин чыгарып берүү чечимин чыгарган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG