Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:04

ЕврАзЭШтин саммити жыйынтыкталды


Евразиялык экономикалык шериктештиктин саммитинде үч өлкө - Казакстан, Орусия жана Белорус Бажы биримдиги боюнча келишимге кол коюшту. Ага ылайык, бул документ 1-июлдан тартып Орусия – Казакстан, 6-июлдан тарта аталган үч өлкөнүн ортосунда иштей баштайт. Бул тууралуу Убактылуу өкмөттүн басма сөз катчысы Фарид Ниязов “Азаттыкка” кабарлады.


- Саммитте кабыл алынган экинчи чечим - антикризистик фонд түзүү болду. Мында эми каражаттар бөлүнө баштайт. Бул маселе Кыргызстан үчүн да, Тажикстан үчүн да өтө маанилүү экенин журналисттер менен жолукканда Кыргызстандын президенти Роза Отунбаева да, Тажикстан президенти Эмомали Рахмон да белгиледи.

Маалыматка караганда түштөн кийин Роза Отунбаева Орусиянын президенти Дмитрий Медведев менен жолугушат. Андан соң Түркиянын президенти Абдулла Гүл менен жолугушары күтүлүүдө. (КЕ)

XS
SM
MD
LG