Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:53

Чек айылындагы кыргыз жарандары үйлөрүн бузуп кетүүдө


Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы Чек айылында жашаган кыргызстандык 24 үй-бүлө алты күндөн бери көчүүдө. “Азаттыктын” кабарчысы Ырысбай Абдыраимовдун айтымында, алар Чек айылындагы үйлөрүн бузуп, курулуш материалдарын ташып жатышат. Азырга чейин бул айылдан 22 үй-бүлө көчүп чыккан. Алар үчүн Кызыл Кыргызстан-Чек айылынан жер бөлүнгөн. Көчкөн үй-бүлөлөр бөлүнгөн жерде суу, жарык жоктугун айтып, Убактылуу өкмөттөн жардам сурашууда. Ал эми Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун акими Нурбек Мурашев айыл тургундарынын талабы президент Роза Отунбаевага жана облус жетекчиси Бектур Асановго жиберилгенин айтты.

“Азаттыктын” аймактагы кабарчысынын айтымында, 30-июнда Өзбекстандын бийлик өкүлдөрү Чек айылына келип, айыл тургундарын бир аптанын ичинде көчүп кетүүлөрүн талап кылган. Аталган убакытта көчпөсө кыштакка кире бериште турган көпүрөгө бийиктиги үч метр дубал курулуп, ортодогу көпүрө бузуларын билдиришкен. Ошондон кийин көчө баштаган Чек айылынан тургундарына чатырлар таркатылган. Ошол эле учурда айылдагы өзбек жарандары да Өзбекстандын башка аймагына көчүрүлүп жатканы кабарланууда.

Бул маселе боюнча облус бийлиги, Убактылуу өкмөт өкүлдөрү менен байланышуу азырынча мүмкүн болгон жок.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Чек айылына байланышкан маселе былтыр апрелден тарта курчуй баштаган. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG