Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:39

Ош шаарында көп кабаттуу эки үй курулат


Бул тууралуу Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча дирекциясынын бүгүнкү жыйынында белгилүү болду. Ага дирекция жетекчиси Жантөрө Сатыбалдиев, Ош шаарынын вице-мэри Таалай Сабиров жана Мамлекеттик курулуш жана архитектура агенттигинин жетекчиси Каныбек Нарбаев катышты. Жыйында аталган эки шаарды калыбына келтирүү боюнча иш пландар талкууга алынды. Бул тууралуу Убактылуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, үй түштүктөгү тополоңдо жабыркагандар үчүн курулат жана ал үчүн жер бөлүнгөн. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG