Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:33

Р.Отунбаева Б.Обаманы АКШнын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады


Кыргызстандын президенти Роза Отунбаева АКШнын Эгемендүүлүк күнү менен Барак Обамага куттуктоо жолдоду. Анда “Кыргызстан элинин жана өзүмдүн атыман сизди жана АКШ элин көз карандысыздыкты алган күнү менен куттуктайм” деп айтылат. Роза Отунбаева Кыргызстан жаңы парламенттик башкаруу формасын тандап алганын, бул реформалар Кыргызстан элинин колдоосуна ээ болуп, 27-июнда өткөн референдумдун жыйынтыктары эл аралык коомчулук тарабынан таанылганын белгилеген. Мындан сырткары Кыргызстандын президенти АКШ тарабынан көрсөтүлүп жаткан жардамдарга ыраазычылык билдирген. Бул тууралуу Убактылуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

4-июль - АКШнын Эгемендүүлүк декларациясы кабыл алынган күн катары башкы мамлекеттик майрам болуп эсептелет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG