Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:26

Бектур Асанов партия түздү


Жалал-Абад облусунун губернаторунун милдетин аткарып жаткан Бектур Асанов “Эгемен Кыргызстан” партиясын түзүп, бүгүн анын ачылыш аземин өткөрдү. Анын айтымында, аталган партия Адилет министрлигинен каттоодон өткөн жана анын курултайы жакын арада болмокчу. Курултайда партиянын уюштуруу иштери жана шайлоого катышуу жол-жоболору такталат. Бектур Асанов бул жаңы түзгөн партиясы менен алдыдагы парламенттик шайлоого катышууга ниеттенип жатканын "Азаттыкка" билдирди.
Кыргызстанда парламенттик шайлоо октябрь айында өтөөрү күтүлүүдө. (КЕ)

XS
SM
MD
LG