Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:16

Мурдагы министр Н.Сулайманов көрсөтмө берүүдө


Бул маалыматты Башкы прокуратуранын басма сөз катчысы Улан Дыйканбаев “Азаттыкка” тастыктады. Маалыматка караганда, мурдагы унаа жана байланыш министри Нурлан Сулайманов 2-июлда өз ыктыяры менен прокуратура органдарына келген. Ал учурда тергөө иштерине жардам берип, көрсөтмө берүүдө. Мурдагы министрдин Кыргызстандын аймагынан чыгуусуна тыюу салынды.

Башкы прокуратура тарабынан Нурлан Сулаймановго карата кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган, бюджеттик каражатты максатсыз короткон деген айыптар тагылып, сырттан кылмыш иши козголгон болчу. Ал 7-апрелдеги ыңкылаптан бери издөөдө жүргөн. (КЕ)

XS
SM
MD
LG