Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:01

Пакистан бийлиги саясий партияларды, динаятчыларды жардам берүүгө үндөөдө


Өлкөнүн премьер- министри Юсуф Реза Гилани бүгүн саясий партиялар менен диний лидерлерди мамлекетке жана армияга исламчыл согушкерлерге каршы күрөштө жардам көргөзүүгө чакырды. Гилани өкмөттүк жана аймактык расмий өкүлдөрдүн жыйынында террорчулукка каршы күрөштүн стратегиясын аныктоо үчүн жалпы улуттук конференция чакыруу зарылдыгын белгиледи. Пакистан премьер- министринин бүгүнкү сөзүнөн төрт күн мурда Лахор шаарында эки жанкечти жасаган жардыруудан бери дегенде 42 адам өлүп, 175 киши жаракат алган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG