Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:16

Топчубек Тургуналиевдин кызматтан кетүүсүн талап кылган митинг өттү


Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин кызматтан кеткен жана учурда иштеп жаткан айрым кызматкерлери бүгүн аталган агенттиктин жетекчиси Топчубек Тургуналиевдин кызматтан кетирүү талабы менен митингге чыкты. Жогорку Кеңештин алдына чогулган 60 чакты адамдын арасында Талас, Чүй, Ысык-Көл облустарынан келген токойчулар да болушту. Алар Т.Тургуналиевдин аталган кызматта иштөөгө тиешелүү билими жоктугунан профессионалдуу иштей албай, агенттиктин ишин артка тартып жатканын белгилешти.

Ошондой эле алар анын кызматка келиши менен мурдагы президент Курманбек Бакиевдин тушунда иштеген адамдардын артынан түшүү башталганын, бул багытта Убактылуу өкмөткө эки арыз жиберишкенин, бирок эч кандай жооп болбогонун айтышууда.

Ал эми Т.Тургуналиев митингчилер койгон дооматтар негизсиз экенин “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, өзү жетектеген агенттик эки ай бою Ысык-Көл тараптагы корук, токой чарбасын изилдеп келип, анын негизинде бир топ кемчиликтер аныкталган. “Кызматтан кеткенден кийин кээ бирлер чыдай албай кыйкырып чыгууда. Токой чарбасын түздөн-түз Бакиевдерге кызмат кылганга уруксат беришкен. Биз аларды далилдегенге даярбыз. Биз ушул убакка чейин кыйратып келген табиятты асыроо иштерине өтүшүбүз керек”, - деди Т.Тургуналиев.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG