Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:15

Казакстан менен Орусия отун-кубаты жаатында келишимдерге жетишти


5-июлда Астанада эки өлкө ортосунда тынчтык мүнөздө керектелчү өзөктүк кубат боюнча кызматташуу жана суу-энергетикалык долбоорлор боюнча келишимдерге кол коюлду. «Росатом» жана «Казатом» мамлекеттик ишканалары ортосунда Орусиянын Новоуральск шаарындагы уранды байытуу боюнча ишкананы биргелишип пайдалануу боюнча келишимге кол коюлду. «Росатом» ишканасынын жетекчиси Сергей Кириенко эки компания биригип жаңы уран байытуу ишканасын курбайт жана казак тарап үчүн Новоуральскидеги ишкана ачык экендигин айтты. Ошондой эле аталган эки ишкана уранды сатуу үчүн биргелешкен компания түзүү меморандумуна жана Казакстандагы Экибастуз ГЭСинин үчүнчү түйүнүн куруу боюнча келишимге жетишти.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG