Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:11

АКШ президенти Израилдин премьер- министри менен жолугат


Бүгүн Вашингтондо Барак Обама Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен жолугат. Жолугушууда израил-палестин жаңжалын жөндөө, Ирандын өзөктүк программалары жана Газа тилкесиндеги абал тууралуу сөз болот. Израилдин атайын күчтөрү Газа тилкесине гуманитардык жүк менен бараткан түрктөрдүн кемесин күчтөп тинтүү алганда, тогуз түрк жана бир америкалык жаран көз жумган. Ага удаа Израилге болгон басым Газа тилкесине кирчү күндөлүк керектелчү заттарга болгон төрт жылдык блокаданы бир аз болсо дагы бошоңдотууга түрткү берди. Түркия менен Израил экөө тең АКШнын жакын санаалаштары. Ак үйдүн өкүлүнүн айтуусунда, Израилдин премьери-министри АКШ президентине 31-майдагы Түркиянын кемесин күч менен тинтүүгө алган иликтөө боюнча жана Газадагы соңку абал тууралуу маалымат берээри күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG