Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:26

Коогалаңды басууга катышкан ооганчылар сыйланды


Бүгүн Жалал-Абад облустук мамлекеттик администрациясында өз ыктыяры менен Ош жана Жалал-Абаддагы кырдаалды турукташтырууга катышкан ооганчы ардагерлерди сыйлоо аземи өттү. Жалал-Абад облустук мамлекеттик администрациясынын аппарат башчысынын милдетин аткаруучу Орозалы Сартбаев “Ата мекенге кызматы үчүн” ордени менен сыйланды. Ушундай эле аталыштагы медал менен дагы беш ооганчы сыйланды. Дагы 15 ооганчыга “Согуштук аракеттердин катышуучусу” деген аталыштагы медал берилди. Аталган сыйлыктарды Кыргызстандын ооганчы жоокерлер кеңешинин төрагасы Нурлан Төрөбеков тапшырды. Бул тууралуу Убактылуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирет. (IJz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG