Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:21

Ж.Сатыбалдиев Ош шаар жетекчилиги менен жолугушту


Бүгүн Ош облустук мамлекеттик администрациясында Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү дирекциясынын башкы директору Жантөрө Сатыбалдиев Ош шаарынын жетекчилиги менен жолугушуп, аткарыла турчу иштерди талкуулашты. Ага Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматов жана Ош шаардык кеңешинин төрагасы Давлет Алимбеков баштаган адамдар катышты.

Ж.Сатыбалдиев өз сөзүндө жабыркаган шаарларды калыбына келтирүү боюнча бардык колунан келген иштерди жасай турганын, бирок тынчтык жана стабилдүүлүк болбосо аталган аракеттер текке кетерин баса белгиледи. Бул тууралуу Убактылуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирет. (IJz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG