Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:17

Алдыдагы жарыштарга Либералдык партия кошулду


Кыргыз Республикасынын Либералдык партиясынын тең төрагалары Урмат Казакбаев менен Мурадил Жумадилде уулу маалымат жыйынында билдиришкендей, жаңы пайда болгон партиянын өзөгүн Либерал жаштар клубунун мүчөлөрү түзөт. Аталган партия күздө өтөрү пландалып аткан парламенттик шайлоого, андан ары 2012-жылы президенттик шайлоого катышмакчы. Аталган партия өлкөнү либералдык жол менен өнүктүрүү планын сунуштоодо. М.Жумадилде уулунун айтымында, партияга жаш бизнесмендер, экономисттер, маданий ишмерлер, журналисттер, укук коргоочулар жана жаш саясатчылар мүчө болушту.

Аталган партия Адилет министрлигинде 23-июнда катталган. (IJz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG