Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:39

Кытай Кыргызстандагы кырдаалга өз мамилесин билдирди


Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги бүгүн таркаткан билдирүүгө ылайык, Кытай «Кыргызстанда өткөн референдум - Кыргызстандын ички иши. Кытай кыргыз элинин чечимин сыйлайт жана өлкөдөгү кырдаалдын тез арада тынчтанышын колдойт» деп билдирген. Пресс-релизге ылайык, Кытай Кыргызстан менен достук, кымзатташтык мамилесин туруктуруу өнүктүрүүнү улантып, өлкөгө колдон келген гуманитардык жана башка жардам көрсөтөт.

Ушул эле кунү Кытайдын төрагасы Ху Цзинтао Роза Отунбаеваны референдумдун ийгиликтүү өтүшү жана мамлекет башчынын кызматына шайланышы менен куттуктады. Кытайдын төрагасы жиберген куттуктоодо Кытай менен Кыргызстанды тоолор жана дарыялар бириктирип турары, эки эл эзелтен бери ынтымакта жашап келатканы белгиленип, Кытай тарап Кыргызстандагы кырдаалдын толук турукташып кетишин тилеп жатканы жана эки ортодогу алака-катышты өнүктүрүүнү каалай турганы айтылган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG