Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:52

АКШ: Ортоңку Чыгышта Тынчтык келишимине түздөн-түз аракеттер керек


АКШ президенти келе жаткан үч айда израил-палестин түздөн-түз тынчтык сүйлөшүүлөрүн баштоого чакырды. Ай үйдө Израилдин премьери министри Биньямин Нетаньяху менен жолугушкандан кийин Обама Израил Палестина менен чыныгы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө даяр экендигин ишенээрин билдирди. Ошондой эле АКШ президенти тынчтык макулдашуусу Сентябрь айынын аягына чейин жөөтөрдүн отурукташуусу убактылуу токтоп турган мезгил соңуна чыга электе жетишүүсүн самаарын айтты. Б.Обама дүйшөмүдө Изриал тарабынан Газа тилкесине кирчү заттарга болгон чектөөнүн бошоңдотулушун бул жааттагы «чыныгы прогресс» деп атаган. Жолугушууда эки лидер тең алардын ортосунда кандайдыр бир жараңка кетти деген кепти четке кагышты. Израил жетекчиси сүйлөшүүлөр маалында Ирандын өзөктүк программалары тууралуу кооптонуу билдирип, Тегеранга каршы АКШ тарабынан киргизилчү жаңы санкцияларды колдоого алаарлык экенин айтса, Обама Вашингтон Иранга карата басымды улантаарын билдирди.

XS
SM
MD
LG