Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:42

Ошто “Элдешүү жумалыгынын” алкагында иш чаралар башталды


Бүгүн Кара-Суу шаарындагы Жоомарт Бөкөнбаев атындагы сейил багында уюштурулган иш-чарага Ош облусунун губернатору Сооронбай Жээнбеков, коменданты Бакытбек Алымбеков жана Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматов катышты. Алар элди түрдүү чагымчыл аракеттерге берилбей, тынчтыкты сактоого чакырышты. “Биз улутубузга карабай дайыма бир эл болуп жашап келгенбиз. Биз мамлекеттин бүтүндүгүн сакташыбыз керек”,-деди губернатор С. Жээнбеков.

Элдин арасынан чыгып сүйлөгөндөр тополоң окуялардын кесепеттерин жоюунун үстүндө иштеп жаткан укук коргоо органдарынын кызматкерлерине, мамлекеттик башка органдардын кызматкерлерине ыраазылык сөздөрүн айтышты, элди ынтымакка чакырышты.
Эки элдин өкүлдөрү жарашуунун жол-жобосун аткарып, бири-бирине чапан жаап, калпак жана топу кийгизишти. (AzK)

XS
SM
MD
LG