Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:04

Коогалаңда жабыркаган медициналык кызматкерлерге жардам берилди


6-июлда саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Дамира Ниязалиева Оштогу облус аралык балдар ооруканасында өткөн жыйында түштүктөгү коогалаңда жабыркаган медициналык кызматкерлерге 290 миң сом көлөмүндө материалдык жардам берди. Бул акчаны Бишкек шаарындагы жана өлкөнүн түндүк облустарындагы медициналык кызматкерлер чогултуп берген.

Мындан сырткары Дамира Ниязалиева маркум хирург Касым Жусупакматовдун үй-бүлөсүнө да барып, кесиптештеринин атынан 100 миң сом, өзүнүн атынан 20 миң сом берди. Ош облус аралык балдар ооруканасынын хирургу Касым Жусупакматов 16-июнда белгисиз адамдар тарабынан уурдалып, кийин өлтүрүлгөн.

Саламаттык сактоо министрлигинин алдында атайын түзүлгөн комиссиянын чечими менен түштүктөгү коогалаң маалында үй-жайынан же жакындарынан ажыраган медициналык кызматкерлерге да 10 миңден 30 миң сомго чейин материалдык жардам көрсөтүлдү. (ZMa)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG