Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:11

Германия Кыргызстанга 200 миң евро бөлөт


Германиянын тышкы иштер министри Г.Вестервелле Кыргызстанда өткөн референдум тууралуу билдирүү жасады. Г.Вестервелле Кыргызстандын түштүгүндөгү оор кырдаалга карабастан өз мөөнөтүндө өткөн референдум эл аралык коомчулук тарабынан таанылууга тийиш экенин белгилеп, Убактылуу өкмөт референдумдун негизинде реформаларды жүргүзүү жараянын баштаганын айтты. Г.Вестервелле түштүктөгү коогалаң көз карандысыз комиссия тарабынан иликтениши керектигин белгиледи.

Кыргызстанда күз айына белгиленген парламенттик шайлоого даярдык көрүү үчүн Германия 200 миң евро бөлүү тууралуу чечим кабыл алды. (ZMa)

XS
SM
MD
LG