Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:06

Косоводогу кырдаал Коопсуздук Кеңешинде талкууланды


Өткөн жума күнү Митровицада сербдер митинг уюштуруп, белгисиз бирөөлөр аларга эки бомба ыргыткан эле. Бир киши мерт кетип, он эки адам жарадар болгон. Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешиндеги жыйында Сербиянын президенти Борис Тадич косоволук албан бийликтерин бул окуяга бир тараптуу баа бергенден сактандырып, эгер мындай иштер дагы улантыла турган болсо Белград Косоводогу эл аралык күчтөргө байланыштуу позициясын өзгөртөт деп эскертти. Косовонун тышкы иштер министри Скендер Хисени Коопсуздук Кеңешин өз таасирин пайдаланып, Косовонун көз карандысыз жана суверендүү мамлекет катары мындан ары да таанылышына жетишүүгө чакырды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG