Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:55

Россия менен АКШ тыңчыларын айырбаштап алышы мүмкүн


Америкалыктарга тыңчылык кылган деген күнөө менен он беш жылга соттолгон россиялык илимпоз Игор Сутягин, ага кошо бир нече кишини Москва Британияга чыгарып жибериши ыктымал экенин адвокаттар айтышты. Сутягинди жаза өтөп жаткан жеринен кечээ Москвадагы изоляторго алынып келинди. Илимпоздун жакындары аны кандайдыр бир кагазга кол койдуруп алышканын маалымдашты. Бул маалыматтар азырынча ырасмий түрдө бышыктала элек. Өткөн айдын этегинде Россиянын тыңчылары деген шек-шыбаа менен АКШда он киши кармалган, дагы бирөө Кипрде кармалып, күрөөгө бошотулган. Ошондон соң ал дайынын таптырбай кеткен.

XS
SM
MD
LG