Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:57

Ош шаары боюнча 676 кылмыш иши козголду


Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдиргендей, Оштогу баш аламандыктарга байланыштуу Ош шаары боюнча 676 кылмыш иши козголгон. Алардын көбү массалык тартипсиздиктер, киши өлтүрүү, бийлик өкүлдөрүнө каршылык көрсөтүү, ден соолукка оор зыян келтиргендик, адам уурдоо сыяктуу беренелер боюнча козголгон кылмыш иштер.

Ош шаары боюнча бүгүнкү күндө 89 сөөк табылып, анын ичинен 61 сөөк таанылды.

Ал эми Ош облусу боюнча козголгон 355 кылмыш иштери боюнча 150 сөөк табылып, алардын ичинен 96 сөөк таанылды, 54 сөөктүн ким экендиги таанылбай жатат.

Кылмыш жасады деген шек саноо менен Ош облусунда 60 адам кармалып, 57 киши камакка алынды.

Жалал-Абад облусу боюнча кылмыш жасады деген шек менен 41 адам кармалып, 36 киши камакка алынды.

Бардыгы болуп ведомстволор аралык тергөө тобу тарабынан 1191 кылмыш иши козголгон. 293 сөөк табылган, алардын 190 адам ок тийүүдөн, 89 адам жаракат алуудан жана өрттөөдөн өлгөн. 230 сөөк таанылды, 89 сөөк таанылбай жатат. Бардыгы болуп 1332 адам жапа чегүүчү катары таанылган. 136 адам кармалып, 121 адам камакка алынган. (IJz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG