Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:36

Орусия абактагы окумуштууну АКШда кармалган тыңчылардын бирине алмашат


Бул тууралуу Орусияда түрмөдө отурган окумуштуу, өзөктүк куралдар боюнча адис Игорь Сутягиндин актоочусу билдирди. 2004-жылы Игорь Сутягин британиялык фирмаларга Орусиянын аскердик маалыматтарын берген жана АКШнын Борбордук чалгындоо башкармалыгынын кызыкчылыгына аракеттенген деген негизде 15 жылга эркинен ажыратылган. Сутягиндин бир тууганы Дмитрийдин айтуусунда, анын агасын орусиялык бийлик өткөн айда АКШда кармалган орусиялык тыңчылардын бирине алмаштырууну көздөп жатат. Абактагы окумуштуунун актоочусу Анна Ставицкая орустар алмашууну бейшембиде ишке ашырып, Сутягинди Британияга өткөрүп берээри күтүлүп жатканын айтты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG