Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:23

С.Садыкова Татарстанда өткөн фестивалга катышты


Кыргыз эл артисти Саламат Садыкова Татарстанда өткөн “Тынчтыкты жаратуу” (“Сотворение мира”) аттуу эл аралык музыкалык фестивалга катышып кайтты.

Саламат Садыкова менен өзбек элинин джаз-эстрада ырчысы Мансур Ташматовду Казань шаарынын мэри жана москвалык продюсерлер сыйлуу конок катары фестивалга атайын чакырашкан. Фестивалдын уюштуруучулары Кыргызстандын түштүгүндө болгон коогалаңдан кийин эки элдин достугун бекемдөөдө, башка өлкөнүн улуттарын да достуккка чакырууда үлгү боло турган ырчыларды сахнага алып чыгууну туура көрүшкөн. Эки ырчы фестивалга бир күн калганда Казандан таанышып, өзбек элинин «Бари гал» аттуу ыры менен сахнага чыгышкан.


Мындан тышкары С. Садыкова уюштуруучулардын сунушу менен комуздун коштоосунда айтылуу “Кыргыз жери” аттуу чыгарманы аткарган. Ал эми М. Ташматов СССР убагында атын тааныткан “Русские березы” аттуу чыгарманы ырдаган. Маалыматтарга ылайык, эки ырчынын тандеми уюштуруучуларга, көрөрмандарга жана өздөрүнө да жагып, музыка аркылуу достукка чакыруу миссиясын мындан ары да уланттууну туура көрүп, кызматташуу тууралуу макулдашып кайткан.

Эл аралык “Тынчтыкты жаратуу” аттуу бул фестиваль ушуну менен үчүнчү ирет өткөрүлүп, дүйнө жүзүнөн джаз, рок, фольк ж.б жанрлардагы ар түркүн музыканттардын, ырчылардын, музыка таануучулардын башын бириктирип, “музыка – тынчтыктын жарчысы” экенин даңазалап келет. (ZMa)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG