Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:00

Кубалык саясий туткундарды Испания кабыл алат


Куба 52 саясий туткунду кое берүүгө макул болду. Бул тууралуу шаршембиде аралдын президенти Раул Кастро, Рим католик чиркөөсүнүн расмий өкүлдөрү жана Испаниянын тышкы иштер министри Мигел Анхел Моратиностун Гаванадагы жолугушуусунан кийин жарыяланды. Моратиностун айтымында, Испания бардык 52 туткунду кабыл алууга даяр. Алардын бешөө алдыдагы күндөрү, калганы болсо 3-4 айдын ичинде азат кылынмакчы. Февралда ачкачылык кармаган саясий туткундардын бири абакта каза тапкандан кийин Куба бийлиги эл аралык коомчулуктун катуу кысымына туш болду. 52 кишинин бошотулушунан кийин да Кубада дагы 110дой саясий туткун калат.

XS
SM
MD
LG