Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:25

Сребреница курмандыктарын эскерүү жүрүшү башталды


Боснияда Сребреница кыргынынын 15 жылдыгына байланыштуу эскерүү чаралары өтүп жатат. Бүгүн 5 миңден ашуун адам Незук деген кыштактан Сребреницага карай жөө жүрүш башташты. Алар 110 километрлик жолду басып өтүп, 11-июлда шаарчага барышмакчы. 1995-жылдын июль айында серб аскерлери Сребреницада 8 миңден ашык мусулман эркекти жана өспүрүмдү тындым кылышкан. Чогуусу менен көмүлгөн 800дөй кишинин сөөктөрү жекшембиде Потокари көрүстөнүнө коюлмакчы. Ал жерде кыргынга учураган 3 миң 700 кишинин мүрзөсү бар.

XS
SM
MD
LG