Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:04

Норвегияда терроризм үчүн шектелген 3 адам кармалды


Норвегия полициясы ал-Кайида менен байланышы бар делинген үч кишини кармады. Алар теракт даярдашкан деп шектелүүдө. Полициянын маалыматына ылайык, ысымдары аталбаган үч адамды бир жылдан ашуун убакыттан бери коопсуздук кызматы аңдып жүргөн. Кармалгандардын бири теги уйгур Норвегиянын жараны. Калган экөө Норвегияда туруктуу жашап жүргөн ирактык жана өзбек кишилер. Полиция камакка алуунун чоо жайын шардана кылбаганы менен жергиликтүү маалымат каражаттары кабарлашкандай, үчөө бир нече өлкөнүн чалгын кызматтарынын аракети менен бомба жардыруусун пландап жаткан жеринен кармалган.

XS
SM
MD
LG