Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:56

«Таза коом» партиясы ич ара чатакташууда


«Таза коом» партиясынын тең төрагасы Табылды Акеров билдирүү таратып, партия жетекчилиги уруучулук, регионализм оорусуна батып калганын айтып чыкты. Т.Акеровдун айтымында, буга чейин партия төрагасы болуп келген Абдысалам Юлдашев түздөн-түз милдети болгон партиялык иштер менен алектенбей эле уруучулук, регионализмге ооп кетти.

«А.Юлдашев партияны жаңылоо жана аны парламенттик шайлоого даярдоо иштерин жүргүзбөгөндүктөн, партия алдыдагы шайлоо процесстерине өз алдынча катыша албагандай абалга келип калган»,- дейт Т.Акеров. Ошондой эле ал, А.Юлдашев партиянын саясий кеңешинин акыркы жыйынында өз уруулаштарын көтөрмөлөп, уруулашы К.Исмановго өз ордун бошотуп бергенин айтат.

Жыйынтыкта ал Кыргызстанда элди региондорго, урууларга бөлгөн партия түзүлбөшү керектигин, мындай уюм өлкө бүтүндүгүнө шек келтирерин айтып, ушул күндөн тарта партиядагы пикирлештери менен бирге «Таза коом» партиясын жаңылоо жаатында иш-чараларды баштай турганын билдирди.

Т.Акеровдун мындай билдирүүсүнө азырынча «Таза коом» партиясынын төрагасы К.Исманов жана мурдагы төрагасы А.Юлдашевдер жооп кылыша элек. (IJz)

XS
SM
MD
LG