Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:32

Ахмадинежад Нигерияда мусулман лидерлеринин «сегиздигине» катышты


Президент Ахмадинежад Нигерияда өтүп жаткан мусулман өлкөлөрүнүн лидерлеринин бир күндүк жыйынына катышты. Сегиз өнүгүп келаткан мусулман өлкөлөрүнүн жетекчилери Нигериянын борбору Абужа шаарында экономикалык жана соода байланыштарды чыңоонуу талкуулашты. Стамбулда орун алган, жалпы калкынын саны бир миллиардга чукулдаган мусулман өлкөлөрүнүн «чоң сегиздигине» Бангладеш, Египет, Индонезия, Иран, Малайзия, Нигерия, Пакистан жана Түркия кирет. Ахмадинежад Нигериядагы Иран элчилигинин алдындагы жүздөгөн адамдардын алдында сүйлөп, «АКШ -дүйнөнү көзөмөлдөөгө аракеттенген диктатор», деп айыптады. Бул жыйынга Түркиянын президенти Абдулла Гүл да катышты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG