Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:10

Укук коргоочулардын тынч акциясына каршы пикирин билдиргендер болду


Бүгүн бир катар укук коргоочулар БУУнун Бишкектеги кеңсесинин жанында тынч жыйын өткөрүшүп колдоруна “ЕККУнун полициясын тезирек Кыргызстанга”, “Түштүктө милициянын талап-тоноосун токтотуу керек”, “А.Бекназаров сот жана прокуратура тармагын көзмөлдөөдөн четтетилсин”,-деп жазылган плакаттарды кармап турушту.
Укук коргоочулар зомбулукту жана күч органдарынын кызматкерлери кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануусун токтотсун деген чакырыкты Кыргызстанга билдирүү өтүнүчү менен БУУга кайрылышты.
Укук коргоочулардын бул акциясына көчөдөн өтүп бараткан Мавлян Аскарбеков каршы болуп, Кыргызстандын түштүгүнө ЕККУнун полициясын киргизүүнүн кажети жоктугун билдирди. Ал ошондой эле түштүктөгү кырдаалды көзөмөлдөөгө тартип коргоо кызматкерлеринин өздөрүнүн күчү жетерин, эгерде жардам керек болуп калса жаштар өз каалоосу менен элдик ыктыяр тобун түзүп барышарын белгиледи. Бул тууралуу "Азаттыктын" кабарчысы маалымдады. (AJ)

XS
SM
MD
LG