Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:44

Укук коргоо органдарына мыйзамдуулукту сактоо талабы коюлду


Башкы прокурор, УКМК, ИИМдин, Коргоо министри, Бажы, салык кызматтарынын жетекчилеринин биргелешкен буйругу чыкты. Анда, өлкөнүн коомдук-саясий абалын туруксуздукка алып келүүчү экстремисттик жана терррорчулук уюмдар жанданып, уюшкан кылмыштуулук өсүп, келечекке коркунуч туудуруп бараткан учурда мамлекеттик органдар биргелешип аларга чекиндүү чара көрүп, биргеликте жооп кайтаруусу керектиги айтылат.
Ошондой эле атайын операцияларда, ыкчам-иликтөө жана тергөө иштеринде мыйзамдулукту камсыз кылуу, күч органдарынын бири-бирине маалыматтык байланышын арттыруу, жоопкерчиликти күчөтүү, нөөмөт бөлүмдөрүнүн ишин ыкчамдаштыруу, жардыруулар, кырсыктар, массалык баш аламандыктар, улут аралык араздашуулар тууралуу маалыматты тиешелүү органдардын жетекчилерине тез жеткирүү милдеттендирилди. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.(AJ

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG