Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:08

БЭК партиясынын негизин жаштар түзөт


Бул тууралуу бүгүн партиянын биринчи жыйынында Убактылуу өкмөт жетекчисинин орун басары Азимбек Бекназаров билдирди. Анын айтымында, улуу муун жаштарга акыл-насаат, кеңеш берет. Партиянын жыйынына коомдук ишмерлер Муратбек Мукашев, Оморбек Нарбаев, Топчубек Тургуналиев жана башкалар катышууда. Булардан сырткары конок катары “Ата Журт” партиясынын лидерлеринин бири Камчыбек Ташиев, “Республика” партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов да келишкен. Ал эми БЭКтин биринчи курултайы 20-июлда Суусамырда өтөт.
Он төрт оппозициялык саясий кыймылдын жана партиялардын башын бириктирген Бириккен элдик кыймыл Кыргызстанда үй-бүлөлүк башкаруу системасына каршы 2008-жылы 24-декабрда түзүлгөн. Андан бери кыймылдын катарынан бир нече кыймылдар жана партиялар чыгып кеткен. (КЕ)

XS
SM
MD
LG